Редакцияот 02.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырык 18-сессиясы

 

 

2021-жылдын 02-мартындагы № 18-9

“Вайт Стоун Компания” ЖЧКнын мүдүрүнүн 08.02.2021-жылдагы№13 сандуу сураныч катын кароо жөнүндө

“Вайт Стоун Компания” ЖЧКнын мүдүрүнүн медициналык тармакта кен көптөгөн ооруларды айыктыруу үчүн колдонулуучу жана бадалдуу гүл өсүмдүктөрүнүн катарына кирүүчү “Ферула вонючая” өсүмдүгүн өстүрүү үчүн 500 га кем эмес жайыт жер тилкесин мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүүнү суранып жазган катын карап чыгып, айылдык кеңештин депутаттарынын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

ТОКТОМ:

 

1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн Ак-шар учаскасындагы 60 га кайрак жана 140 га жайыт, жалпысы болуп 200 га жер тилкеси “Вайт Стоун Компания” ЖЧКсына мөөнөттүү пайдалануу үчүн ижарага берүү С. Юсупова айыл өкмөтүнө сунушталсын.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу С. Юсупова айыл өкмөтүнүн орун басары И. Довидовго жана жер маселелери боюнча башкы адиси А. Мамаджановго тапшырылсын.

 

 

С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы:

 

К. Нарматов