Редакцияот 19.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын кезексиз 19-сессиясы

 

 

2021-жылдын 19-мартындагы № 19-2

 

Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К. Айтибаевдин 18.03.2021-жылдагы чыгуу №164 саны менен катталган катын кароо жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри У. Марипов 13.03.2021-жылы Араван районуна иш сапары менен келип, Араван айылынын борборунда айыл тургундары менен жолугушуу өткөргөн. Жолугушууда Араван айылынын борборундагы Б. Айдаров көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары көп кабаттуу үйлөрдүн айланасында топтолуп жаткан таштандылар көптөн бери алынбай жаткандыгы боюнча кайрылышкан. Кыргыз Республикасынын Премьер-Министри У. Марипов көп кабаттуу үйлөргө барып, таштандыларды алынбагандыгына күбө болгон. Калктуу конуштардан таштандыларды ташууну уюштуруу маселесинде кемчилдиктерге жол бергендиги үчүн С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевге карата чара көрүү боюнча Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Г. Айтибаевге тапшырма берген. Анын негизинде Араван районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Г. Айтибаев С. Юсупова айылдык Кеңешине 18.03.2021-жылы С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевдин кызмат ордун кароо жөнүндө №164 саны менен катталган сунушун берген. Жогорудагы сунушту карап чыгып, айылдык Кеңештин депутаттарынын сунуш пикирлерин эске алуу менен Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесинин 1,2,3-пункттарын жетекчиликке алып С. Юсупова айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

ТОКТОМ:

 

1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн башчысы Файзуллаев Шукирилло Хабибиллаевич ээлеп турган кызматында ишмердүүлүгүн жүргүзүүсү белгиленсин.

2. Ш.Х.Файзуллаев өзүнүн ишмердүүлүгүндө төмөнкүлөргө өзгөчө көңүл бурууга милдеттендирилсин;

3. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы калктуу конуштарды тазалоо, көрктөндүрүү жана жашылдандыруу иштерин үзгүлтүксүз уюштурууга;

4. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы негизги жана ички каналдарды чаап, тазалоо иштерин уюштурууга;

5. Айыл өкмөтүнүн аймагында санитардык жана гигиеналык абалды көзөмөлгө алууга;

6. Араван районунун борборунда таштандыларды өз убагында ташып чыгаруу иштерин жүргүзгөн “Араван-Тазалык” ишкананысын ишин контролдоого.

7. С. Юсупова айыл өкмөтүнө (Ш. Файзуллаев) белгиленген иш чаралардын аткарылышы жөнүндө 2021-жылдын алты айдын жыйынтыгында кошумча маалымат берүү жагы жүктөлсүн.

8. Сессия тарабынан кабыл алынган токтомдун көчүрмөсү Араван мамлекеттик администрациясына жана тийиштүү мамлекеттик мекемелерге жөнөтүлсүн.

9. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин социалдык-маданий, укук тартип, депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы:

 

К. Нарматов