Редакцияот 19.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 20-сессиясы

 

 

2021-жылдын 19-июнундагы № 20-2

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2021-жылдын беш айында аткарган иштери жөнүндө

С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2021-жылдын беш айында аткарган иштери жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевдин маалыматын угуп, талкуулап, сөзгө чыккан депутаттардын пикирлерин, суроо талаптарын эске алуу менен С. Юсупова айылдык Кенеши токтом кылат

 

Т О К Т О М :

 

1. С. Юсупова айыл Өкмөтүнүн 2021-жылдын беш айында аткарган иштери жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Ш. Файзуллаевдин маалыматы эске алынсын.

2. Айылдык Кеңештин аймагында социалдык-экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууда кабыл алынган иш-чаралардын аткарылышын сапаттык денгээлин жогорулатуу, айыл Өкмөтүнүн башкаруучулугун өнүктүрүү, элдик демилгелерди колдоп кубаттап, айыл Өкмөтүнүн апаратында иштеген кезматкерлерди жоопкерчилигин күчөтүп, алардын илимий-практикалык жөндөмүнөн натыйжалуу пайдаланып, ички жана тышкы резервтерден толук пайдалануу менен айыл Өкмөтүнүн бюджетинин киреше бөлүмүнү толуктап, чыгаша бөлүмүндө көрсөтүлгөн чыгымдардан максаттуу пайдаланып, керексиз чыгымдарды кыскартууну камсыз кылуу айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3. Инвестицияларды тартуу менен кайра иштетүүчү кичи цехтердин ишин жандандырып, жаңыларын куруу менен жаңы жумуш орундарын түзүү, өз ара жардамдашуу топторун, жамааттык уюмдардын аткарып жаткан иштерин колдоп, аларды моралдык жактан колдоп кубаттоо айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.

4. 2021-жылда социалдык-экономикалык, маданий багыттарда аткаруу үчүн белгиленген иш-чаралардын өз убагында так аткарылышын камсыз кылууда, айылдырды көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана башка иш-чараларды жүзөгө ашырууда айыл Өкмөтүнүн аймагында жашаган элди мобилизациялоону мындан ары дагы жогорку денгээлге көтөрүү айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.

5. Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинде бекитилген иш чараларды жылдын аягына чейин толугу менен аткарууну камсыз кылуу айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы:

 

К. Нарматов