С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 20-сессиясы
2021-жылдын 19-июнундагы № 20-4
С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында мөнөөттү аскерге чакырууга даярдык көрүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселе боюнча айыл Өкмөтүнүн аскердик каттоо столунун инспектору Сайера Таштемированын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат
ТОКТОМ
1. С. Юсупова айылдык Кеңешинин аймагында мөнөөттү аскерге чакырууга даярдык көрүү жөнүндө айыл Өкмөтүнүн аскердик каттоо столунун инспектору Сайера Таштемированын маалыматы эске алынсын.
2. 2021-жылдын жайкы, күзү аскерге чакырууну жогорку денгээлде уюштуруп, Араван райондук аскердик комиссариатынын көрсөтмөлөрүнүн негизинде иш жүргүзүү менен айыл өкмөтүнүн аймагында жашаган мөөнөттү аскерге чакырылуучулардын тизмелерин тактоо, аскерге чакыруу мезгилинде аларды өз убагында келуусун камсыз кылуу жана алардын документтерин даярдоо айыл өкмөтүнүн аскердик каттоо столуна тапшырылсын.
3. С. Юсупова айыл өкмөтүнө өзүнүн бюджетинин эсебинен аскерге чакыруу иштерин уюштуруу жана өткөрүү үчүн зарыл болгон каражаттарды табуу жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңешинин социалдык-маданий жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясны жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Нарматов |