Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кезексиз сессия
2025-жылдын 18-июлу № 34/VIII
Жайылма айыл өкмөтүнүн 2026-2027-2028-жылдарга
жергиликтүү бюджетинин долбоорун кабыл алуу
Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун, бюджеттер долбоорунун №19 бөлүмүнүн 95-беренесине ылайык, Жайылма айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2026-2028-жылдарга божомолунун киреше жана чыгаша бөлүктөрү жөнүндө айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Ж.Т.Баисованын маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып,
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайылма айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн, божомол долбоорун 99863,5 миң сом бекитилсин.
2. Жайылма айыл өкмөтүнүн 2027-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн, божомол долбоорун 109256,8 миң сом бекитилсин.
3. Жайылма айыл өкмөтүнүн 2028-жылдын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн, божомол долбоорун 123882,9 миң сом бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн кирешелер боюнча башкы адиси Ж.Т.Байсовага жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |