С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 21-сессиясы
2021-жылдын 4-августундагы № 21-3
Араван районунун С.Юсупова айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жарым жылдык айылдык бюджетинин киреше жана чыгыша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
С.Юсупова айыл өкмөтү тарабынан даярдалып, айыл өкмөтүнүн экономикалык жана социальдык өнүгүүсүнүн 2021-жылга индикативдик божомолуна ылайык даярдалып, айылдык Кенештин туруктуу комиссиялары тарабынан айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жарым жылдыгында айылдык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү маселесин карап жана талкуулап, депутаттардын сунуш пикирелерин эске алуу С. Юсупова айылдык Кенеши токтом кылат
Т О К Т О М :
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жарым жылдыгынын жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын чыгаша бөлүгүнө өзгөртүүлөр киритилсин.
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жарым жылдын ичинде жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын чыгаша бөлүгүнөн үнөмдөлгөн беренелери №1-тиркемеге ылайык жылдырылсын (№1-тиркеме тиркелет).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнын башчысы Р.Базарбаевке жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Нарматов |