Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыштагы депутаттардын кезексиз XI сессиясы
2025-жылдын 29-сентябры № 11/2
Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетине өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102-беренесине ылайык, жогорудагы маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз ХI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды-Булак айылындагы май куюучу жайды пайдаланууга 2025-жылдын 1-сентябрындагы №1 келишимдин негизинде “ШНОС” ЖЧКсы тарабынан 2024-жылдын 1-октябрынан 2025-жылдын 31-декабрына чейин ижара акысы үчүн Баетов айыл өкмөтүнүн 4405021001000376 акуммуляциялык эсебине келип түшкөн 1275,0 сом акча каражатынын киреше –чыгаша бөлүгү төмөндөгүдөй бекитилсин.
Киреше бөлүгү 14211100 статьясы -1275,0 мин сом
Чыгаша бөлүгү 70629 разделинин 3112 статьясына 1012,6 сом
2. Бөлүнгөн акча каражаты “Асыл Түшүм “МПсынын “Айыл Банк” ААКсы тарабынан лизингге алынган техникалардын 2025-жылдын 31-декабрына чейинки кредитин төлөөгө которулуп берилсин.
3. Токтомду аткарууга алуу Баетов айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төраганын орун басары | И. Жакшылык уулу |