Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кезексиз сессия
2025-жылдын 18-июлу № 35/VIII
2025-жылга бекитилген бюджетке
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 8-январындагы №1 “Калктын жана ишкердик субъекттеринин салыктык түйшүгүн азайтуу жана салык салууну администрациялоону өркүндөтүү боюнча чаралар жөнундө” Жарлыгынын негизинде, ФЭБнүн башчысы З.Б.Акаеванын маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып,
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга бекитилген бюджеттин киреше бөлүгүн 5207,5 миң сомго (беш миллион эки жүз жети миң беш жүз сом) кыскартылсын, анын ичинде:
l Айыл чарба жерлерин айдалангандыгы үчүн жер салыгы 2736,5миң сом.
l Транспорт каражаттарына мүлк салыгы 2471,0 миң сом.
2. 2025-жылга бекитилген бюджеттин чыгаша бөлүгү 5207,5 миң сомго (беш миллион эки жүз жети миң беш жүз сом) кыскартылсын, анын ичинде:
l 706629-бөлүм “Башка турак-жай коммуналдык чарба” 31113320-статья “Жолдорду капиталдык оңдоого” - 5207,5 миң сом.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана ФЭБнүн башчысы З.Б.Акаевага жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |