С.ЮСУПОВА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
С.Юсупова айылдык кеңешинин 6-чакырылышынын 23-сессиясы
2021-жылдын 15-октябрындагы № 23-6
Араван районунун С. Юсупова айылдык Кеңешинин 2021-жылдын 4-кварталында айылдык бюджетинин киреше жана чыгышы бөлүгүнө өзгөртүү киритүү жөнүндө
С. Юсупова айыл өкмөтү тарабынан даярдалып, айыл экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнүн 2021-жылга индикативдик божомолуна ылайык даярдалып, айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары тарабынан айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-кварталында айылдык бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнө киргизүү маселесин карап жана талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алуу менен С. Юсупова айылдык кеңеши токтом кылат:
ТОКТОМ:
1. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-кварталында жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын киреше бөлүгү кошумча түшкөн кирешелердин эсебинен 873,8 миң сомго артыкчылыгы менен бекитилсин. №1-тиркеме тиркелет.
2. С. Юсупова айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын 4-кварталында жергиликтүү бюджетинин каражаттарынын чыгаша бөлүгүнө кошумча каражат 873,8 миң сомго артыкчылыгы менен бекитилсин. №2-тиркеме тиркелет.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнын башчысы Р. Базарбаевге жүктөлсүн.
С.Юсупова айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Нарматов |