Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кезексиз сессия
2025-жылдын 18-июлу № 36/VIII
«Желди-Суу» автожолунун жээгинде жайгашкан 2 км.
узундуктагы суу түтүктөрүн курууга каражат бөлүү жөнүндө
«Желди-Суу» автожолун капиталдык оңдоого, 2 км. узундуктагы асфальт-бетон төшөлмөсүн кеңейтүү жана төшөө иштеринин жүрүшү жана Туз, Нижняя-Серафимовка айылдарынын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн жаңы альтернативалык суу түтүктөрүн тартуу тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д.Ногоевдин маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып,
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Желди-Суу автожолунун жээгинде жайгашкан 2 км. суу түтүгүн төшөөгө 2500,0 миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин, турак жай-коммуналдык чарба бөлүгүндө 1200,6 миң сом жана бош калган баланстан 1299,4 миң сом которуу жүргүзүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөт башчысы Т.Д.Ногоевге, бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана ФЭОнун башчысы З.Б.Акаевага жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |