Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кезексиз сессия
2025-жылдын 18-июлу № 37/VIII
Объектилерди муниципалдык менчикке
өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 4-июлундагы № 5230 - протоколдук чечимине ылайык, Жайылма айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д.Ногоевдин Жайылма айыл аймагындагы муниципалдык менчикке кабыл алынбаган объектилер жөнүндө маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып,
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туз айылыдагы, Дербишев көчөсүндө жайгашкан балдар аянтчасын муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Туз айылы. М.Чекиров көчөсүндө жайгашкан балдар аянтчасын муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берилсин.
3. Жайылма айылындагы Рахматов көчөсүндө жайгашкан балдар аянтчасын муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берилсин.
4. Нижняя-Серафимовка айылы, Геологическая көчөсү №17 жайгашкан №22 китепканасын муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берилсин.
5. Новопокровка айылы, Ленин көчөсү №80 жайгашкан Жайыл айыл өкмөтүнүн административдик мекемесин муниципалдык менчикке өткөрүп алууга макулдук берилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д.Ногоевге жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |