Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кезексиз сессия
2025-жылдын 18-июлу № 38/VIII
Социалдык объектилерге трансформатор орнотууга жер
тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин кайрылуусунун негизинде, калкты туруктуу электр энергия менен камсыздоо жана коопсуздук эрежелердин талабы тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д.Ногоевдин маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып,
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайылма айыл өкмөтүнүн балансында турган трансформаторлорду техникалык абалын белгиленген шартка келтирип жана керектүү иш кагаздарын толуктап, Кант электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д.Ногоевге жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |