Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кезексиз сессия
2025-жылдын 18-июлу № 39/VIII
Жайылма айыл аймагынын аймагына ФАП курууга бош
калган баланстан акча каражатын бөлүү жөнүндө
Жайылма айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д.Ногоевдин Новопокровка айылына ФАП куруу маселеси жөнүндө маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып,
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Новопокровка айылынын жаңы конушуна ФАП курууга 1800,0 миң сом акча каражат бөлүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана ФЭОнун башчысы З.Б.Акаевага жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |