Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кезексиз сессия
2025-жылдын 18-июлу № 40/VIII
Туз айылына трансформатордук подстанцияларды сатып алуу
Жайылма айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д.Ногоевдин жана Туз айылынын тургундарынын кайрылуусундагы Туз айылына трансформатордук подстанцияларды сатып алуу жөнүндө маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып,
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Туз айылына трансформатордук подстанцияларды сатып алууга 800,0 миң сом акча каражат бөлүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жана ФЭОнун башчысы З.Б.Акаевага жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |