Редакцияот 27.11.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2024-жылдын 27-ноябры № 1/ I

Эсептөө комиссиясынын

төрагасын жана катчысын шайлоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентинин негизинде, талкуулап жана пикир алмашып,

Жайылма айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Исмаилова Адилет Токтобековна - эсептөө комиссиясынын төрайымы болуп шайлангандыгы таанылсын.

2. Мырсакеева Эльмира Муканбетовна - эсептөө комиссиясынын катчысы болуп шайлангандыгы таанылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын өз көзөмөлүмдө калат.

 

 

Жайылма айылдык

кеңешинин төрагасы

 

К. М. Жонгучкаев