Редакцияот 24.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXIX сессиясы

 

2023-жылдын 24-ноябрындагы № 73

Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө 2023-жылдын жергиликтүү бюджетине “Республикалык бюджеттен жеригиликтүү бюджетке өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар эсебинен келген акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө

Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн 2023-жылы кабыл алынган жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен жергиликтүү өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар эсебинен келген акча каражаттарын бөлүштүрүп, сессияда карап бекитүү үчүн Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин, ФЭБнүн башчысы Ч.Култаеванын билдирүүсүнүн негизинде, “Экономика, план, бюджет маселелери, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, инвестиция тартуу, энергетика жана байланыш тармактары” боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин угуп жана талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXIX сессиясы токтом кылат:

1. Жаңы-Жол айылдык кенешинин “Экономика, план, бюджет маселелери, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, инвестиция тартуу, энергетика жана байланыш тармактары” боюнча туруктуу комиссиясынын чечими эске алынсын.

 

2. Жаңы-Жол айыл өкмөтүнө “Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке өз ара эсептешүүлөр боюнча өткөрүлүп берилүүчү каражаттар”-эсебинен 3712 000 сом акча каражаты төмөндөгүдөй бөлүнүп берилсин.

 

Раздел аппарат 0619

 

70111 статья 22154900 1350 000 сом ;

22211100 120 000 сом ;

28241100 37000 сом ;

25111100 468000 сом ;

 

Раздел орто мектеп 1023

 

70921 статья 22221100 100 000 сом

3111 150 0000 сом .

 

Раздел бала бакча 275

 

70921 статья 22221100 100 000сом

 

Раздел соц.камсыздандыруу 0922

 

71092 статья 27213100 37000 сом

 

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Экономика, план, бюджет маселелери, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, инвестиция тартуу, энергетика жана байланыш тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

4. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

5. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

Т.Өзүбеков