ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXIX сессиясы
2023-жылдын 24-ноябрындагы № 75
Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн социалдык өнүгүү планы жөнүндө
АРИСтин CASA-1000 жергиликтүү коомчулукту колдоо долбоорунун алкагында Кара-Суу айылындагы Асанбай көчөсүн асфальтоо боюнча айыл өкмөт башчысы К.Дербишевдин сунушун угуп, талкуулап, айылдык кенештин VIII чакырылышынын кезексиз XXXIX сессиясы токтом кылат:
1. АРИСтин CASA-1000 жергиликтүү коомчулукту колдоо долбоорунун алкагында Кара-Суу айылындагы Асанбай көчөсүн асфальтоо боюнча Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизүү айыл өкмөт башчысы К.Дербишевге милдеттендирилсин .
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары И. Кундузбаевага тапшырылсын.
3. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
4. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | Т.Өзүбеков |