Редакцияот 24.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Жаңы-Жол айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXIX сессиясы

 

2023-жылдын 24-ноябрындагы № 78

“Жаңы-Жол айылындагы И.Умаров атындагы орто мектебинин айланасын тосуу, сыртын жасалгалоо” долбоордук сунушун бекитүү жөнүндө

Үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын эсебинен каржылануучу долбоордук сунушту даярдоо жана ишке ашыруу максатында түзүлгөн демилгелүү топтун мүчөлөрүнүн жана Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы К.Дербишевдин долбоордук сунуштар боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына таянып, Жаңы-Жол айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXXIX сессиясы токтом кылат:

1. “Жаңы-Жол айылындагы И.Умаров атындагы орто мектебинин айланасын тосуу, сыртын жасалгалоо” долбоордук сунушу бекитилсин.

2. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын (тартылган каражаттар) өлчөмү 32 %зы, 1 416 332 (бир миллион төрт жүз он алты миң үч жүз отуз эки ) сом болуп бекитилсин.

3. Долбоор боюнча консалтингдик жана инжиниринг кызматтарын көрсөтүү боюнча чыгымдардын өлчөмү 75 748 (жетимиш беш миң жети жүз кырк сегиз) сом болуп бекитилсин.

4. Долбоор ишке ашып калса, жогорудагы бекитилген акча каражаттары 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Жаңы-Жол айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ч.Култаевага жүктөлсүн.

6. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагы Жаңы-Жол айылдык кеңешинин “Экономика, план, бюджет маселелери, чакан жана орто бизнести өнүктүрүү, инвестиция тартуу, энергетика жана байланыш тармактары” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

7. Бул токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

8. Бул токтом www.Janyjol.com сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

 

 

Төрага:

Т.Өзүбеков