Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин
2025-жылдын 14-ноябрындагы № 09 буйругуна
тиркеме
Кыргыз Республикасынын
авиациялык метеорологиялык персоналы жөнүндө
Жобо
Кириш сөз
Кыргыз Республикасынын авиациялык метеорологиялык персоналы жөнүндө ушул Жобо (мындан ары — Жобо) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин 2025-жылдын 18-мартындагы № 01 буйругу менен бекитилген «АПКР-1. Авиациялык персоналга күбөлүк берүү» авиациялык эрежелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясынын авиациялык персоналынын күбөлүгүнө ээ болууга тийиш болгон авиациялык метеорологиялык персонал үчүн талаптарды белгилөө зарылчылыгына байланыштуу иштелип чыкты.
Жобо метеорология жана гидрология жаатындагы кадрларды окутуу жана даярдоо стандарттарын колдонуу боюнча Колдонмонун (ДМУ-№ 1083) 2024-ж., Техникалык регламенттин (ДМУ-№ 49 том 1) 2024-ж., Байкоо приборлору жана методдору боюнча Колдонмонун (ДМУ-№8 том V) 2018-ж., «Эл аралык аэронавигацияны метеорологиялык жактан камсыздоо» Эл аралык жарандык авиация жөнүндө Конвенциянын 3-тиркемесине ылайык иштелип чыккан.
Ушул документте камтылган жетекчилик көрсөтмөлөр Кыргыз Республикасындагы жарандык авиациянын учуу ишин метеорологиялык камсыздоого тартылган уюмдар тарабынан авиациялык метеорологиялык персоналды классификациялоодо, квалификациялык талаптарды жана кесиптик даярдыкты камсыз кылууда бирдиктүүлүктү камсыз кылууга тийиш.
АМП | Авиациялык метеорологиялык персонал |
АМСЖ АМБ | Авиациялык метеорологиялык станция (жарандык) Авиациялык метеорологиялык борбор |
КРАЭ-1 | Кыргыз Республикасынын авиациялык эрежелери «КРАЭ-1. Авиациялык персоналга күбөлүк берүү» |
БИП-М | Метеорологдор үчүн милдеттүү программалар пакети |
БИП-МТ | Техник-метеорологдор үчүн милдеттүү программалар пакети |
ДМУ | Дүйнөлүк метеорологиялык уюм |
ИКАО | Эл аралык жарандык авиация уюму |
КЖК | Квалификацияны жогорулатуу курстары |
КР | Кыргыз Республикасы |
КР ЖАО КККАПКДТП | Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация органы Кыргыз Республикасынын коопсуздугун камсыздоого катышкан авиациялык персоналды кесиптик даярдоонун типтүү программалары |
1. Кыргыз Республикасынын авиациялык метеорологиялык персоналы жөнүндө ушул Жобо (мындан ары — Жобо) жарандык авиациянын учууларын метеорологиялык камсыздоого тартылган адистердин кесиптик даярдыгына, ишке уруксат алууга, тастыктамалоого жана квалификациясын жогорулатууга коюлган бирдиктүү талаптарды белгилөө максатында иштелип чыккан.
2. Жобо авиациялык метеорологиялык персоналдын (АМП) компетенттүүлүгүнүн жогорку деңгээлин камсыздоого, квалификациянын бирдиктүү системасын колдонууга жана алардын даярдыгын Эл аралык жарандык авиация уюму (ИКАО) жана Дүйнөлүк метеорологиялык уюм (ДМУ) тарабынан белгиленген эл аралык стандарттарга шайкеш келтирүүгө багытталган.
3. Жобо Кыргыз Республикасынын аймагында ишмердүүлүк жүргүзгөн авиациялык метеорологиялык бөлүмдөрдүн бардык адистерине, ошондой эле жарандык авиациянын метеорологиялык камсыздоосу жана авиациялык метеорология боюнча даярдоо жүргүзгөн кошумча кесиптик билим берүү (квалификацияны жогорулатуу) мекемелерине жана жарандык авиация тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга тиешелүү.
4. Ушул Жободо төмөнкү терминдер тиешелүү аныктамалар менен колдонулат:
Авиациялык метеорология – метеорологиялык шарттардын авиациялык техникага жана авиация ишмердүүлүгүнө тийгизген таасирин изилдеген, ошондой эле учууларды метеорологиялык камсыздоонун теориялык жана методикалык негиздерин иштеп чыккан колдонмо дисциплина.
Авиациялык метеорологиялык персонал (АМП) – Кыргыз Республикасында учууларды метеорологиялык камсыздоону ишке ашырган жана Кыргыз Республикасынын Жарандык авиация органы тарабынан берилген авиациялык персоналдын күбөлүгүнө ээ болгон персонал.
Дүйнөлүк метеорологиялык уюм (ДМУ) – БУУнун метеорология тармагындагы адистештирилген өкмөттөр аралык мекемеси. Ал Жер атмосферасынын абалын жана анын океандар менен өз ара аракетин көзөмөлдөө боюнча БУУнун компетенттүү органы болуп саналат. ДМУ метеорологиялык документтердин стандарттык формаларын, аба ырайынын божомолдорунун терминологиясын, сандык жана тамгалык коддорду, маалымат берүү ыкмаларын, байкоо жүргүзүү мөөнөттөрүн, өлчөө тактыгынын талаптарын, ошондой эле бул максаттарда колдонулуучу шаймандарга жана жабдууларга коюлган талаптарды иштеп чыгат.
Диплом – жогорку же орто адистештирилген окуу жайды аяктагандыгы жана тиешелүү квалификация берилгендиги жөнүндө документ, ошондой эле илимий даража жана илимий наам берилгендиги тууралуу күбөлүк.
Сапат – Эл аралык стандартташтыруу уюму (ISO) тарабынан «өзгөчөлүктөрдүн жыйындысы талаптарга канчалык деңгээлде жооп берет» деп аныкталат.
Квалификация – адистикти алуу үчүн зарыл болгон билим берүү аркылуу адатта алынуучу базалык билимдердин минималдуу көлөмү.
Компетенция – кызматтык милдеттерди аткарууда белгилүү бир тапшырмаларды аткаруу үчүн талап кылынган билимдер, кесиптик көндүмдөр жана жүрүм-турум өзгөчөлүктөрү.
Кеңеш – учуу менен байланышкан фактылык жана/же күтүлгөн метеорологиялык шарттарды метеоролог же башка адис менен талкуулоо; талкуу суроолорго жоопторду камтыйт.
Метеоролог – метеорологдор үчүн милдеттүү программалар пакетин камтыган жогорку окуу жайында окуу курсун ийгиликтүү аяктаган адам.
Метеорологиялык маалымат – фактылык же күтүлгөн метеорологиялык шарттарга байланыштуу метеорологиялык кыскача маалымат, анализ, божомол жана башка билдирүүлөр.
Авиациялык метеорологиялык орган – эл аралык аэронавигацияны метеорологиялык камсыздоо үчүн арналган орган.
Метеорологиялык ыйгарым укуктуу орган – мамлекеттин атынан эл аралык аэронавигацияны метеорологиялык камсыздоону уюштурган жана метеорологиялык камсыздоо боюнча жөнгө салуу жана көзөмөл жүргүзгөн орган.
Байкоо (метеорологиялык) – бир же бир нече метеорологиялык элементтерди баалоо.
Нефанализ – булуттуулук боюнча маалыматтарды географиялык картада графикалык түрдө чагылдыруу.
Метеорологиялык тейлөө көрсөтүүчү – мамлекеттин атынан эл аралык аэронавигацияны метеорологиялык камсыздоону ишке ашыруу үчүн дайындалган тиешелүү уюм.
Прогноз (аба ырайы) – белгилүү бир убакытта же мезгилде белгилүү бир аймакта же аба мейкиндигинин бөлүгүндө күтүлгөн метеорологиялык шарттардын сүрөттөлүшү.
Синоптикалык карта – географиялык карта, анда метеорологиялык шарттар же элементтер сандар, символдор же изоплеттер менен көрсөтүлөт.
Сапат менеджмент системасы (СМК) – уюм тарабынан продукция жана кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу үчүн зарыл болгон уюштуруучулук түзүм, процедуралар, процесстер жана ресурстар.
Эскертүү: СМСга байланыштуу терминология, сөздүк жана аныктамалар ушул Техникалык регламентте колдонулган ISO тарабынан кабыл алынган, айрыкча ISO 9000:2015 «Сапатты башкаруу системалары. Негизги жоболор жана сөздүк» жана ISO 9001:2015 «Сапатты башкаруу системалары» стандарттарына, ошондой эле ДМУ-№1100 «Улуттук метеорологиялык жана гидрологиялык кызматтар үчүн сапатты башкаруу системасын ишке киргизүү боюнча колдонмо» документине ылайык келет.
5. Кыргыз Республикасында АМПнын үч категориясы белгиленген, аларга тиешелүү квалификациялык белгилер ыйгарылат: