МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыш 4-кезектеги сессиясы
2021-жылдын 2-июлундагы № 8
Марказ айыл аймагынын Марказ айылындагы “Айрыбаз” орто мектебинин окуучулары үчүн ыссык тамак-аш уюштуруу үчүн ДАТП долбооруна өздүк салым кошуу жөнүндө
Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши “Айрыбаз” орто мектебинин окуучулары үчүн ыссык тамак-аш уюштуруу үчүн ДАТП долбооруна өздүк салым кошууга Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып, төмөнкүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши “Айрыбаз” орто мектебинин окуучулары үчүн ыссык тамак-аш уюштуруу үчүн ДАТП долбооруна өздүк салым катары Марказ айыл Өкмөтүнүн бюджетинен бөлүп берүү жагы суралсын.
2. Марказ айыл аймагынын КЭБ башчысы Исиров Мамырга акча каражатын ажыратып берүү жагы милдеттендирилсин.
Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
А. Салиева |