МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Марказ айыл аймагынын айылдык Кенешинин 7-чакырылыштын кезектеги бешинчи сессиясы
2021-жылдын 17-сентябрындагы № 18
Марказ айыл аймагынын Арпа-Сай орто мектебинин ашканасы жөнүндө
Марказ айыл аймагынын айылдык Кенеши, Арпа-Сай орто мектебинин ашканасы жөнүндө алынган маалыматты карап, талкуулап чыгып төмөнкүдөй.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арпа-Сай мектебинде балдар ашканасын тез арада талапка ылайыктуу кылып колго алуу жагы каралсын.
2. Мектеп жетекчеси Н. Акматовага балдар ашканасын тез арада калыбына келтирүү милдеттендирилсин.
3. Камсыздоо жагы КЭБ башчысы М. Исировго жүктөлсүн.
4. Көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрайымы А.Салиева өзүнө калтырат.
Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
А. Салиева |