Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыштын кезектеги жетинчи сессиясы

 

 

2022-жылдын 21-январындагы № 11

Марказ айыл аймагындагы Көк-Талаа айылындагы “Көк-Талаа айылын Өнүктүрүү” коомдук фондунун арызын кароо жөнүндө

Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши “Көк-Талаа айылын Өнүктүрүү” коомдук фондунун арызына негиз Айыл суу чарба тейлөө жана жер боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып чыгып, сессиясына сунушталган. Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып, төмөнкүдөй.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши айыл Өкмөтүнүн аймагындагы “Көк-Талаа айылын Өнүктүрүү” коомдук фонду КОЙКА тарабынан каржыланып жаткан “Жамааттык мал сарай куруу” долбоорун турмушка ашырууга “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын таштак жайыт түрүнөн 0,15 га жер аянтын “Өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка категориясына которууга макулдук берилсин.

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.

 

 

Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

А. Салиева