Редакцияот 21.01.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыштын кезектеги жетинчи сессиясы

 

 

2022-жылдын 21-январындагы № 12

Марказ айыл аймагындагы “Кадамжай НПЗ” ЖЧКсынын директору Тешебаев Чынгыздын арызын кароо жөнүндө

Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши айыл аймагындагы “Кадамжай НПЗ” ЖЧКсынын арызына негиз “Айыл суу чарба тейлөө жана жер” боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунда каралып чыгып, айылдык Кеңештин сессиясына сунушталган. Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши карап талкуулап чыгып, төмөнкүдөй.

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши айыл Өкмөтүнүн аймагындагы “Кадамжай НПЗ” ЖЧКсына 2019-жылда Марказ айылдык Кеңешинин чечими менен 7,50 (Жети жарым) га жер аянтын 49 жылга нефти кайра иштетүүчү заводко арендага берилген. “Кадамжай НПЗ” ЖЧКсы арендага алган жерди сатып алуу үчүн берген арызына негиз Кыргыз Республикасынын мыйзамдуулугуна ылайык мыйзам жагын карап берүү жагы мамлекеттик Кадастр башкармалыгынан суралсын.

 

2. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.

 

3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл суу чарба тейлөө жана жер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

А. Салиева