МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыштын кезектеги жетинчи сессиясы
2022-жылдын 21-январындагы № 18
Марказ айыл аймагындагы мыйзамсыз өз алдынча куруп алган турак жайларды жана жерлерди мыйзамдаштыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын президенттинин 30.11.2021-жылдагы №25-48-46. Кыргыз Республикасынын Президенттинин администрациясынын жетекчисинин 10.12.2021-жылдагы протоколдук тапшырмасына жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетинин төрагасы А.У. Жапаровдун 2022-жылдын 10-январындагы № 1-тиркемесиндеги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министирлигинин 2022-жылдын 14-январындагы № 01-128 сандуу телефонограммасын аткаруу максатында жана Марказ айыл Өкмөтүнүн башчысы К.Тургуновдун билдирүүсүн угуп, талкуулап, карап чыгып Марказ айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Марказ айыл аймагындагы айыл чарба категориясындагы (айдоо-сугат, кайрак, көп жылдык бак, жайыт жана ж.б) жер аянттарына өз алдынча курулган турак-жай үйлөрдү мыйзамдаштыруу жагы жактырылсын (тиркеме тирелет).
2. Марказ айыл аймагындагы өз алдынча курулган турак-жай үйлөрдүн жана участкаларынын ээлеген жалпы 534,96 га жер аянттын “Айыл чарба жерлери” категориясынын “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
|
А. Салиева |