Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кезексиз сессия
2025-жылдын 1-августу № 42/IX
Жайылма айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар
бирикмесинин 2025-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө
Жайылма айыл аймагынын “Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” маалыматын карап. Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнундө” мыйзамынын 4 - беренесинин негизинде, жайыт жерлеринин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында, бекитүү жөнүндө талкуулап жана пикир алмашып,
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2025-жылга жайыттарды пайдалануу үчүн акы төлөөгө сунушталган бюджетин төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- Бодо малга - 140 сом бир мал башына.
- Жаш бодо малга - 98 сом бир мал башына.
- Жылкыга - 140 сом бир мал башына.
- Майда малга - 28 сом бир мал башына.
- башка айыл өкмөттөрдүн тургундарына 2025-жылга жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөм - эки эселенген төлөм.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д.Ногоевге жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |