Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кезексиз сессия
2025-жылдын 1-августу № 43/IX
Кум-шагыл чыгарууга бир гектар жер тилкесине
ижара акысын бекитүү
Жайылма айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д.Ногоевдин Жайылма айыл аймагындагы кум-шагыл чыгарууга бир гектар жер тилкесине ижара акысын бекитүү жөнүндө маалыматын карап чыгып, талкуулап жана пикир алмашып
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймактагы кум-шагыл чыгарууга бир гектар жер тилкесине ижара акысы 30 000 сом өлчөмүнө макулдук берилсин (бир жылга).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д.Ногоевге жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |