Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыштагы депутаттардын кезексиз XIV сессиясы
2025-жылдын 18-ноябры № 14/2
Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн Баетов айыл өкмөтүнүн 2023-2024-жыл ичинде жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча отчетун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палататасынын Ысык-Көл жана Нарын областары боюнча аймактык бөлүмүнүн 30.10.2025-жылдагы №01-16/240 чыгыш сандуу катына ылайык, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз XIV cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн Баетов айыл өкмөтүнүн 2023-2024-жыл ичинде жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине жүргүзүлгөн аудиттин отчетунда көрсөтүлгөн кемчиликтерди 1(бир) айлык мөөнөттө жоюу, сунуштарды аткарууга алуу Баетов айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
2. “Баетов таза аймак” муниципалдык ишканасынын мүлкүн инвентаризациядан өткөрүү Баетов айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Аудиттин сунуштамасы боюнча мыйзам бузууларга жол берген тийиштүү кызматкерлерге чара көрүлсүн.
4. Токтомду аткарууга алуу Баетов айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Акиевге милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу регламент, депутаттык этика, жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Ч. Азимжанов |