Редакцияот 29.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыштын кезектеги сегизинчи сессиясы

 

 

2022-жылдын 29-апрелиндеги № 26

Марказ айыл Өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Марказ айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Исировдун 2022-жылдагы бюджети жөнүндөгү бир жылдык планга карата бөлүштүрүү жөнүндөгү билдирүүсүн карап талкуулап чыгып, Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши.

 

Т О К Т О М К Ы Л А Т :

 

1. Марказ айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Исировдун айыл Өкмөтүнүн бюджети жөнүндөгү билдирүүсү эске алынсын, чыгашалар бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилсин.(1чи тиркеме тиркелет)

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, финансы-экономика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

А. Салиева