Редакцияот 26.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыштын кезектеги тогузунчу сессиясы

 

 

2022-жылдын 26-августундагы № 37

Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши “Айрыбаз” орто мектебинин жетекчисинин ишмердүүлүгүн, жаңы окуу жылга даярдыгын жана анти санитардык абалын кароо жөнүндө

Марказ айыл аймагындагы “Айрыбаз” орто мектебинин жетекчисинин ишмердүүлүгүн, жаңы окуу жылга даярдыгы жана анти санитардык абалынан маалымат алып Кеңеш төмөнкүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Айрыбаз” орто мектебинин жетекчисинин ишмердүүлүгүн, жаңы окуу жылга даярдыгын жана санитардык абалы “канааттандырарлык” деп табылсын.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин этика, мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

А. Салиева