Редакцияот 26.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыштын кезектеги тогузунчу сессиясы

 

 

2022-жылдын 26-августундагы № 39

Марказ айыл аймагынын айылдык Кеңеши “Арпа-Сай” орто мектебинин, жетекчисинин ишмердүүлүгүн, жаңы окуу жылга даяардыгын жана антисанитардык абалын кароо жөнүндө

Марказ айыл аймагындагы “Арпа-Сай” орто мектебинин жетекчисинин ишмердүүлүгүн, жаңы окуу жылга даяардыгы жана анти санитардык абалынан маалымат алып, Кеңеш төмөнкүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. “Арпа-Сай” орто мектебинин жетекчисин ишмердүүлүгүн жаңы окуу жылга даяардыгын жана санитардык абалы “канааттандырарлык” деп табылсын.

2. Саламаттыкты сактоо, билим берүү, аялдар, жаштар, спорт жана маданий өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы:

 

 

А. Салиева