Редакцияот 02.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

МАРКАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыштын кезектеги он биринчи сессиясы

 

 

2022-жылдын 2-декабрындагы № 57

Марказ айыл Өкмөтүнүн 2022-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Марказ айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Исировдун 2022-жылдагы бюджети жөнүндөгү бир жылдык планга карата бөлүштүрүү жөнүндөгү билдирүүсүн карап талкуулап чыгып, Марказ айылдык Кеңеши төмөндөгүдөй

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Марказ айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М. Исировдун айыл Өкмөтүнүн атайын каражаттар бөлүмү боюнча билдирүүсү эске алынсын, чыгашалар бөлүгүнө өзгөртүүлөр киргизилсин. (1-тиркеме тиркелет)

2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет, экономика-финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Марказ айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрайымы:

 

 

А. Салиева