АЙРЫБАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Айрыбаз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыш кезектеги он экинчи сессиясы
2023-жылдын 25-январындагы № 62
Айрыбаз айыл Өкмөтүнүн башчысынын 2022-жылга аткарган иштери боюнча отчету жана айыл өкмөтүнүн апаратынын отчетторун угуу жөнүндө
Айрыбаз айыл Өкмөтунүн башчысы К. Тургуновдун жана айыл Өкмөтүнүн аппаратынын 2022-жылда аткарган иштеринин отчетторун угуп талкуулап чыгып, Айрыбаз айыл Кеңеши.
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Айрыбаз айыл Өкмөтүнүн башчысы К. Тургуновдун 2022-жылда аткарган иштери “канаатандырарлык” деп табылсын.
2. Айрыбаз айыл Өкмөтүнүн аппаратынын 2022-жылда аткарган иштери “канаатандырарлык” деп табылсын.
3. Айыл Кеңешинин депутаттары тарабынан айтылган сын сунуштар эске алынып, кетирилген кемчиликтерди жоюу жагы айыл Өкмөт башчысы К. Тургуновко жана айыл Өкмөтүнүн кызматкерлерине милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук жана адам укугун, этика жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айрыбаз айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрайымы |
А. Салиева |