Редакцияот 14.10.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

VIII чакырылыштагы депутаттардын кезексиз XII сессиясы

2025-жылдын 14-октябры  № 12/1

Баетов айыл аймагынын Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын өткөрүү жөнүндө.

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө” №270 Жарлыгына ылайык, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз XII cессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 22-сентябрындагы “Кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жана делегаттарды шайлоо боюнча ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетин түзүү жөнүндө” №270 Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.

2.    Баетов айыл аймагынын калкынын саны 13116 болгондуктан жергиликтүү коомдоштуктун жыйындын катышуучуларынын жалпы саны 80 деп белгиленсин.

3.    Жергиликтүү коомдоштуктун жыйындын катышуучулары Баетов айыл аймагындагы Баетов, Терек, Үгүт, Байгөнчөк, Кайынды-Булак айылдарынын санына жана иш алып барган мекемелерге жараша пропорционалдуу №1 тиркемеге ылайык шайлансын.                  (Тиркеме 1 баракта).

4.    Баетов айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктун жыйындын катышуучуларын шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүү 17 – октябрдан 24-октябрга чейин                               №2 тиркемеге ылайык белгиленсин. (Тиркеме 1 баракта)

5.    Баетов айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарын өткөрүүгө жергиликтүү кеңештин жооптуу депутаттарынын тизмеси №3 тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме 1 баракта).

6.    Жергиликтүү коомдоштуктун жыйындын катышуучуларын шайлоону уюштуруу, өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы №4 тиркемеге ылайык түзүлсүн. (Тиркеме 1 баракта)

7.    Элдик Курултайдын катчылыгы бекиткен Календардык планга ылайык, Баетов айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын өткөрүү Ак-Талаа райондук маданият үйүнө 2025-жылдын 1-ноябрына чакыртылсын.

8.    Ушул токтомду сайтка жарыялоо Баетов айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

9.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.

  Төрага

Ч. Азимжанов

Баетов айылдык кеңешинин кезексиз                ХII сессиясынын 2025-жылдын                               14-октябрындагы №12/1 токтомуна №1 тиркеме

Баетов айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктун жыйындын делегаттарынын саны жана квотасы төмөндөгүдөй болуп бөлүнсүн.

№

Делегат шайлана турган округдардын аталышы

1 квотага тийиштүү калктын саны

Берилүүчү квотанын саны

1

УОС аймагы

2745

17

2

Вет борбор аймагы

2812

17

3

Баетов аймагы

2093

13

4

РЭС аймагы

1793

11

5

Кайынды-Булак айылы

867

5

6

Терек айылы

1281

8

7

Үгүт айылы

924

5

8

Байгөнчөк айылы

601

4

9

Жалпы

13116

80

 

 

 Баетов айылдык кеңештин жооптуу катчысы: У. Жээнбекова

 

Баетов айылдык кеңешинин кезексиз                ХII сессиясынын 2025-жылдын  14-октябрындагы №12/1 токтомуна №2 тиркеме

2025-жылдын 17-24 октябрга чейин Кезектеги IV Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруу жана жергиликтүү коомдоштуктун жыйынын өткөрүү графиги

 

№

Айылдардын жана округдардын  аталышы

Чогулуш өткөрүлүүчү жер

Убактысы

Уюштуруучулар

1

УОС аймагы

Ш. Бейшеналиев атындагы орто мектеби

22-октябрь

Саат 11-00

А. Токтогулова, Н. Жолдубаев,               Б. Сагынбеков, Г. Тентимишова            У. Таштанкулов

2

Вет борбор аймагы

Ак-Талаа райондук маданият үйү

21-октябрь

Саат 14-00

И. Жакшылык уулу,                                     Ч. Акматбекова,

С. Каленов, Г. Чынгышова

3

Баетов аймагы

Э. Карасартов орто мектеби

18-октябрь

Саат 10-00

А. Кудашов, К. Шыгаев

Н. Абылова

 

4

РЭС аймагы

Э. Карасартов орто мектеби

23-октябрь

Саат 14-00

Ч. Черикбаев, Г. Аянова

 

5

Кайынды-Булак айылы

Кайыңды-Булак айылдык клубу

23-октябрь

Саат 10-00

Т. Карымшаков

6

Терек айылы

К. Молдобасанов атындагы айылдык клубу

21-октябрь

Саат 10-00

У. Маатмусаев, Н. Иманалиева

7

Үгүт айылы

клуб

21-октябрь

Саат 11-00

К. Эгембердиев

8

Байгөнчөк айылы

М. Баетов атындагы айылдык клубу

22-октябрь

Саат 14-00

Б. Молдокеева,

 

 

 

 

Баетов айылдык кеңештин жооптуу катчысы: У. Жээнбекова

 

 

 

 

 

 

 

Баетов айылдык кеңешинин кезексиз                ХII сессиясынын 2025-жылдын  14-октябрындагы №12/1 токтомуна     №3 тиркеме

Баетов айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктун жыйындарын өткөрүүгө жергиликтүү кеңештин жооптуу депутаттарынын тизмеси.

№

А.А.А

Кызматы

Кайсы айылга жооптуу

  1.  

Молдокеева Бактыбүбү

айылдык кеңештин депутаты

Байгөнчөк айылы

  1.  

Аянова Гульмира

айылдык кеңештин депутаты

Кайыңды-Булак айылы

  1.  

Кудашов Алымкул

айылдык кеңештин депутаты

Баетов айылы

  1.  

Жакшылык уулу Ильич

айылдык кеңештин депутаты

Баетов айылы

  1.  

Токтогулова Астра

айылдык кеңештин депутаты

Баетов айылы

  1.  

Маатмусаев  Урматбек

айылдык кеңештин депутаты

Терек айылы

  1.  

Эгембердиев Кылыч

айылдык кеңештин депутаты

Үгүт айылы