Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
VIII чакырылыштагы депутаттардын кезексиз XII сессиясы
2025-жылдын 14-октябры № 12/2
Кайыңды Булак айылындыгы көмөк чордондорду Ак-Талаа райондук электр тармактар ишканасына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө 2002- жылдын 15-март №37 мыйзамынын 19-статьясына ылайык, депутаттардын Баетов айылдык кеңешинин кезексиз XII cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кайыңды Булак айылындагы 4-01-06-04-0111 идентификациялык кодундагы курулуп жаткан мал базарга тиешелүү болгон жер аянты 12м2, баасы 792752 сомду түзгөн көмөк чордонду жана 4-01-06-1002-0257 идентификациялык кодундагы мурунку автобазанын кире беришиндеги түндүк батыш тарабында жайгашкан жер аянты 12м2, баасы 195000 сомду түзгөн көмөк чордонду Ак-Талаа райондук электр тармактар ишканасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууга алуу Баетов айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Ч. Азимжанов |