АЙРЫБАЗ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Айрыбаз айыл аймагынын айылдык кеңешинин 7-чакырылыш кезектеги он үчүнчү сессиясы
2023-жылдын 27-январындагы № 71
Айрыбаз айыл аймагынын айыл Өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетине 2022-жылдан калган калдыкка өзгөртүүлөр жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Айрыбаз айыл Өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнун башчысы М. Исировтун 2022-жылдын бюджетинен жана атайын каражаттардан калган калдык суммаларын туура пайдалануу боюнча билдирүүсүн карап талкуулап чыгып, Айрыбаз айыл аймагынын айылдык Кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1. Айрыбаз айыл Өкмөтүнүн бюджетинин 2022-жылдан калган 15285,4 миң сом жана атайын каражаттардан 90,7 миң сом калдык 2023-жылдын бюджетине бекитилсин.
2. Айрыбаз айыл Өкмөтүнүн бюджетинин 2022-жылдан калган 15285,4 миң сом жана атайын каражаттардан 90,7 миң сом калдык суммалардын чыгашасына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин. (тиркеме 2-барак тиркелет)
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин бюджет экономика боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайымдын орун басары: | Б. Тойчиев |