Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кезексиз сессия
2025-жылдын 1-августу № 46/IX
Ичүүчү суу менен камсыздоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн
тарифин бекитүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 беренесинин 11-пунктунун негизинде, «НОРУС» муниципалдык ишканасынын мүдүрүнүн, кашарларга ичүүчү сууну пайдалангандыгы үчүн жана өз алдынча алууга ичүүчү суунун тарифин бекитүү өтүнүчү менен катын талкуулап, пикир алмашып,
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ар бир кашарлар ичүүчү сууну пайдалангандыгы үчүн төлөмдүн тарифи мурунку Логвиненко айыл аймагы үчүн айына 1000 сом, ал эми 1м.3. чейин өз алдынча алуу үчүн - 500 сом, - 1м.3. жогору - 1000 сом өлчөмүндө бекитилсин. Мурунку Туз айыл аймагы үчүн 25 сом, Чоң-Далы айылы 22 сом. 1м3. Новопокровка айылы үчүн 40 сом.
2. «НОРУС» МИнын мүдүрүнө:
- ичүүчү сууну пайдалануу үчүн төлөм тарифин Монополияга каршы комитет менен макулдашуу.
- стандарттардын жана санитардык нормалардын жана эрежелердин талаптарына ылайык, ичүучү таза суу менен үзгүлтүксүз камсыздоо боюнча иштерди туруктуу негизде жүргүзүү.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д.Ногоевге жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |