Загрузка документа…
ЖАЙЫЛМА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛМА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кезексиз сессия
2025-жылдын 1-августу № 47/IX
Жайылма айыл аймагынын аймагынан таштанды чыгаруунун
тарифин бекитүү жөнүндө
«НООРУС» муниципалдык ишканасынын мүдүрүнүн катын карап чыгып, ошондой эле “Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34 беренесинин 11-пунктунун негизинде, талкуулап, пикир алмашып,
Жайылма айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайылма айыл аймагынын элинен таштандыларды чыгаруу тарифи:
- ар бир адамга 50 сомдон бекитилсин.
- дачалык кооперативде жашаган ар бир адамга 50 сомдон бекитилсин.
- коммерциялык жана муниципалдык объекттердин 1 чарчы метирден 50 чарчы метрге чейин - 500 сом, 50 чарчы метирден 100 чарчы метрге чейин - 1000 сом бекитилсин. Мурунку Туз айыл аймагы үчүн бир кожолукка - 100 сом бекитилсин..
2. «НОРУС» МИнын директору Новопокровка айылынын жана Чоң-Далы айылынын тургундары менен келишим түзсүн.
3. Социалдык жактан коргоонун тизмелери боюнча жарандардын жеңилдетилген категориясы бекитилсин (жалгыз пенсионерлер, майыптар, аз камсыз болгон үй бүлөлөр). Бул категория чейин бекитилген тарифтин 50% өлчөмүндө тариф бекитилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Д.Ногоевге жүктөлсүн.
Жайылма айылдык кеңешинин төрагасы |
К. М. Жонгучкаев |