Загрузка документа…
НАРЫН ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI ЧАКЫРЫЛЫШТАГЫ КЕЗЕКСИЗ XX СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 27-ноябры № 2
Кыргыз Республикасынын үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын 2026-жылга карата каржылоосуна долбоорлорду сунуштоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексин”, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жетекчиликке алып, Нарын шаардык Кеңешинин “Бюджет, финансы жана экономика, ишмердүүлүк, инвестиция боюнча” туруктуу комиссиясынын отурумунда карап, талкуулап, сессияга сунуштоо боюнча протоколунун чечимин эске алып, Нарын шаардык Кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын үлүштүк (дем берүүчү) гранттардын 2026-жылга карата каржылоосуна долбоорлорду тиркемеге ылайык сунуштоого макулдук берилсин.
2.Сунушталган үлүштүк (дем берүүчү) гранттын долбоорлоруна жергиликтүү бюджеттин эсебинен тиркемеге ылайык пайыздык өлчөмдөрүндө өздүк салым бөлүнүп берилсин.
3.Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн, naryn-kenesh.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Нарын облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Нарын шаардык Кеңешинин“Бюджет, финансы, экономика, инвестиция жана ишкердүүлүк боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Эмилбек Рысбек уулу |
2026-жылы дем берүүчү (үлүштүк) гранттар аркылуу каржылоого сунушталган долбоорлордун тизмеси:
№ | Долбоордун аталышы | Сумма | Оздук салым | Республикалык бюджет | % |
1 | “Тянь-Шань” паркынын тосмосун жаңыртуу. | 2 356 200,0 | 471 240,00 | 1 884 960,0 | 20,0 |
2 | Чаначев, Ленин көчөсүнөн Ж.Шералиев көчөсүнө чейин батыш тарабындагы тротуарды капиталдык оңдоодон өткөрүү. | 2 891 132,3 | 578 500,00 | 2 312 632,3 | 20,0 |
3 | С.Орозбак көчөсүнө Андабеков көчөсүнөн Ак-Мөөр көчөсүнө чейинки түндүк тарабындагы тротуарды капиталдык оңдоодон өткөрүү. | 9 060 976,7 | 4 060 976,70 | 5 000 000,0 | 44,8 |
4 | С.Орозбак , Чоробаев көчөсүнөн Райондук ооруканасына чейинки түндүк тарабындагы тротуарды капиталдык оңдоодон өткөрүү. | 3 212 145,9 | 643 000,00 | 2 569 145,9 | 20,0 |
5 | Ак-Мөөр көчөсүнө С.Орозбак көчөсүнөн Ленин көчөсүнө чейинки эки тараптуу тротуарды капиталдык оңдоодон өткөрүү. | 3 474 929,9 | 695 000,00 | 2 779 929,9 | 20,0 |
6 | К.Жакыпов атындагы №5 орто мектебине кичи футбол аянтчасын куруу | 3 144 565,0 | 628 913,00 | 2 515 652,0 | 20,0 |
7 | Буйлаш уулу Арстанбек атындагы №8 орто мектептин айланысынын тосмосун жана мектептин кире беришин брусчаткалоо | 4 123 399,2 | 870 913,83 | 3 252 485,4 | 21,1 |
8 | Ак-Дил бала бакчасынын тепкичин капиталдык ремонттон өткөрүү | 4 000 000,0 | 800 000,00 | 3 200 000,0 | 20,0 |
Баардыгы : | 32 263 348,9 | 8 748 543,5 | 23 514 805,4 | 27,1 | |
Жооптуу катчы А.Жапаралиева