ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы 21-сессиясы
2023-жылдын 15-декабры № 3
Жаңы-Ноокат айыл аймагында жайгашкан Токтогул атындагы санаториялык мектеп-интернатынын мекемесин 2023-жылдын 04-декабрындагы № 437 сандуу сураныч катына негиз, Токтогул атындагы санаториялык мектеп-интернаттын мекемесини капиталдык ремонттоодон өткөрүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл аймагында жайгашкан Токтогул атындагы санаториялык мектеп-интернатынын мекемеси 2024-чарбалык жылында капиталдык ремонттоодон өткөрүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 11-декабрындагы протоколуна негиз, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жаңы-Ноокат айыл аймагында жайгашкан Республикалык маанидеги Токтогул атындагы санаториялык мектеп-интернаттын жалпы корпусун (окуу корпусу, жатакана, жылытуу системасы, ашкана жана ажаткана) эскирип калгандыгына жана кышында жылытуу системасындагы көйгөлөрүн эсепке алып, 2024-чарбалык жылында Республикалык бюджеттин эсебинен капиталдык ремонттоодон өткөрүү сунушталсын.
2. Токтогул атындагы санаториялык мектеп-интернаттын жалпы корпусун (окуу корпусу, жатакана, жылытуу системасы, ашкана жана ажаткана) ремонттоого керектелүүчү иш- кагаздарын даярдоо жагы мектеп-итернатынын жетекчиси Ч.Абдывасиевага жана ушул токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жетекчилигине сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” жана “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын курамына милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Сатторов |