ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШНИН ТОКТОМУ
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы 21-сессиясы
2023-жылдын 15-декабры № 6
Дөң-Кыштак айылынын, Кароол-Дөбө бөлөмүндөгү муниципалдык менчик жер эсебиндеги кайрак, айыл-чарбасын пайдаланууга ыңгайсыз болгон 0.04 га жер аянтын муниципалдык менчик түрүндө скважина казуу үчүн ажыратып берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн, Дөң-Кыштак айылынын Кароол-Дөбө бөлүмүндөгү айыл тургундарын таза-суу менен камсыз кылуу маселесин карап чыгып жана талкуулап, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 сандуу "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 11-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Дөң-Кыштак айылынын Кароол-Дөбө бөлүмүндөгү айыл тургундарын таза-суу менен камсыз кылуу максатында, Кароол-Дөбө бөлөмүндөгү муниципалдык менчик жер эсебинде жайгашкан кайрак, айыл-чарбасын пайдаланууга ыңгайсыз болгон 0.04 га жер аянтын муниципалдык менчик түрүндө скважина казуу, суу-сактагыч, бактериоцит курулмаларын куруу жана башка чарбалык иштери үчүн ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдун аткарылышы айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Хайдаралиевге жана Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жетекчилигине сунушталсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” жана “Айылдын инфраструктурасын өнүктүрүү, соода, архитектура, жол, транспорт, өнөр-жай, кайра иштетүү, коммуникация, таза-суу жана электр энергиясы” боюнча туруктуу комиссияларынын курамына милдеттендирилсин.
Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы: |
К. Сатторов |