Редакцияот 15.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШНИН ТОКТОМУ

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы 21-сессиясы

 

2023-жылдын 15-декабры № 7

Жаӊы-Ноокат айылдык Кеӊешинин VII- чакырылышындагы 2021-жылдын 19-ноябрындагы кезектеги 7-сессиясынын № 3 сандуу токтомуна жана 2022-жылдын 10-мартындагы кезектен сырткаркы 9-сессиясынын № 8 сандуу токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 сандуу “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду узатуу, эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралары жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Аксакалдар сотунун мүчөлөрүн жана Коомдук алдын алуу борборунун (КААБ) жетекчисинин милдеттин аткаручуусун 2023-жылдын 11-сентябрындагы арызына негиз, Жаңы-Ноокат айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча иш-чаралардан келип чыккан милдеттенмелеринин аткарылышын камсыз кылуу жана оптималдаштыруу максатында, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып,   Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 сандуу  "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндөгү" мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 13-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму                                                   

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айыл аймагында каада-салт, ырым-жырым, үрп-адаттарды, ашыкча чыгымдарды, майрамдык салтанаттарды тартипке келтирүү, коомдук институттардын (көчө комитетеринын төрагаларын, аксакалдар сотунун жана аялдар кеңешинин),  натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүн камсыз кылуу, алардын ишмердүүлүгүн сапатын жогорулатуу жана айыл тургундарынын каалоо тилектерин аткаруу максатында, айыл аймагындагы көчө көмитетеринин,  аксакалдар сотунун жана аялдар кеңешинин жаңы курамын кайрадан түзүү демилгеси жактырылсын.

2.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жетекчилиги:

- айылдарда жана башка калктуу конуштарда каада-салттарды, салтанаттарды жана үрп-адаттарды тартипке келтирүүнү, үйлөнүү үлпөтүн, үй-бүлөлүк, мааракелик салтанаттарды, маркумду эскерүү иш-чараларды Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54 сандуу “Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду узатуу, эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралары жөнүндө” Жарлыгынын талаптарына ылайыкташтырууну күчөтүү сунушталсын;

-бул маселе боюнча айыл тургундарынын арасында кеңири түшүндүрүү иштери жүргүзсүн;

-ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чаралары көрүлсүн;

-айыл аймагындагы көчө көмитеттеринин,  аксакалдар сотунун жана аялдар кеңешинин жаңы курамын кайрадан түзүү демилгеси боюнча иш-чараларды иштеп чыгуу сунушталсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөгө алуу жагы айылдык кеңештин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери,  жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.   

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 

   К. Сатторов