Редакцияот 15.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШНИН ТОКТОМУ

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы 21-сессиясы

 

2023-жылдын 15-декабры № 8

Жаӊы-Ноокат айылдык Кеӊешинин VII- чакырылышынын 2023-жылдын 18-августундагы кезектен сырткаркы 18-сессиясынын № 1 сандуу “Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында, жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү” токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

 

Жаңы-Ноокат айылынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө, инвестиция тартуу, кошумча жумушчу орундарын жаратып берүүгө мүмкүнчүлүгү бар айыл тургундарына, жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 29-январындагы “Менчикти коргоо жана жеке ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндөгү” № 3-Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 39-беренесинин, 5-бөлүгүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жетинчи чакырылышынын 2023-жылдын 18-августундагы кезектен сырткаркы № 18-сессиясындагы “Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында, жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү” № 1 Токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 1 пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүндө ишкерлерге колдоо, көрсөтүү, айыл аймактын социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнө, инвестиция тартуу, кошумча жумушчу иш орундарын жаратып берүүгө мүмкүнчүлүгү бар айыл тургундарына жана жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 сандуу “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндө типтүү жобону бекитүү тууралуу токтомуна жана Кыргыз Республикасынын “Жер Кодексинин” жана башка жер мамилелери боюнча мыйзамдарына ылайык (аукцион, конкурс, жана башка талаптар), Күнгөй-Хасана айылынын тургуну Акбаров Авазбек Маматкодировичтин 2023-жылдын 30-майындагы убактылууижара келишиминин негизинде фасадный кафель жана брюсчатка иштеп чыгаруучу цехти куруу үчүн 0.20 га жер аянтын ажыратып берүү жөнүндөгү арызы канааттандырылсын.

2.Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын жана Кыргыз Республыкасынын укуктук нормативдик актылар реестрине киргизүү үчүн Ош облустук юстиция башкармалыгынан өткөрүү жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Т.Ниязалиеваге милдеттендирилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жер Кодекси жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдогу өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү жөнүндөгү айылдык кеңешинин токтомун аткарууга алуу жагы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жер адисине  сунушталсын.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери,  жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 

   К. Сатторов