Загрузка документа…
ЧАЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
I ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XIV СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 18-ноябры № 3
Чаек айыл өкмөтүнүн 2025-2030-жылдарга стратегиялык экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Чаек айыл өкмөтүнүн 2025-2030-жылдарга стратегиялык экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө Чаек айылдык Кеңешинин депутаттарынын кезектеги сессиясы угуп жана талкуулап, токтом кылат:
Чаек айыл өкмөтүнүн 2025-2030-жылдарга стратегиялык экономикалык өнүктүрүү программасы бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Чаек айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Кучмуратовго тапшырылсын.
3. Ушул токтом айыл өкмөттөн каттоодон өткөрүлүп, chaek-aimak.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | А. Муталиев |