Редакцияот 29.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШНИН ТОКТОМУ

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы 21-сессиясы

 

2023-жылдын 29-ноябры № 2

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Мончок-Дөбө айылынын Яш бөлүмүндөгү жаңы көчөлөрүнө наам ыйгаруу жөнүндө

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Мончок-Дөбө айылынын Яш бөлүмүнүн тургундарынын 2023-жылдын 23,24-октябрындагы жана 11-ноябрындагы чогулушунун протоколдорун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы № 67 сандуу “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар” жөнүндөгү жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Мончок-Дөбө айылынын Яш бөлүмүнүн төмөнкү жаңы көчөлөрүнө, эл арасында кадыр-баркка ээ болгон маркум ата-агаларыбыздын наамдары ыйгарылсын:

1-көчөгө эмгек ардагери  – Омонбаев Пирхонидиндин,

2-көчөгө эмгек ардагери – Кулдашов Режапалы ажынын,

Найман каналынын четиндеги көчөгө эмгек ардагери – Салайдинов Собиржондын,

6-көчөгө эмгек ардагери – Исмонов Туланбой атанын,

8-көчөгө эмгек ардагери -  Махмудов Абиджондин,

13-көчөгө эмгек ардагери – Атажанов Кенжавой атанын,

Сурпа-Таш бөлүмүнүндөгү жаңы көчөгө – Колдошов Имаркул ажынын.

2.Аталган көчөлөрдү каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук бөлүмүнөн суралсын жана токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө сунушталсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери,  жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 

   К. Сатторов