Редакцияот 29.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШНИН ТОКТОМУ

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы 20-сессиясы

 

2023-жылдын 29-ноябры № 3

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылга карата жергиликтүү бюджеттине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизүү жөнүндө

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы жергиликтүү бюджеттине өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү максатында: Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн 2-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн, 2023-жылкы жергиликтүү бюджеттинин бирдиктүү  салыгынын компенсациясы эсебинен түшкөн 449 100 (төрт жүз кырк тогуз миң жүз) сом акча каражаттын Кызыл-Тейит айылындагы Күнгөй көпүрөсүнүн курулушуна ажыратып берүүгө макулдук берилсин.

2.Токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы  М. Махмудовго жүктөлсүн.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Экономика, бюджет, салык, ишкердүүлүктү өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 

   К. Сатторов