Редакцияот 29.11.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШНИН ТОКТОМУ

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы 20-сессиясы

 

2023-жылдын 29-ноябры № 4

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Тескей айылынын жаңы көчөлөрүнө наам ыйгаруу жөнүндө

 

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Тескей айылынын тургундарынын 2023-жылдын 11-октябрындагы чогулушунун № 1, № 3, жана № 4 - протоколдорун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы № 67 сандуу “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар” жөнүндөгү жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Тескей айылынын жаңы көчөлөрүнө, эл арасында кадыр-баркка ээ болгон төмөнкү маркум ата-агаларыбыздын

      6-көчөгө эмгек ардагери      – Турсунбаев Турсункулдун,

    10-көчөгө эмгек ардагери      – Маманазаров Хасанжондын,

    11-көчөгө эмгек ардагери      – Исаков Араббойдын наамдары ыйгарылсын.

2.Аталган көчөлөрдү каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук бөлүмүнөн суралсын жана токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө сунушталсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери,  жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кариевге милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 

   К. Сатторов