Редакцияот 03.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШНИН ТОКТОМУ

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы 19-сессиясы

 

2023-жылдын 3-октябры № 1

 

Элдик Курултайга Жаңы-Ноокат айыл аймагынан делегаттарды шайлоо боюнча жергиликтүү чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүү жөнүндө

 

                        Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-августундагы ПЖ № 215 сандуу “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндөгү” Жарлыгы менен бекитилген 2023-жылдын 15-декабрында өтүүчү Элдик Курултайга Жаңы-Ноокат айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруу  жана өткөрүү максатында, Биринчи Элдик Курултайды өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин 2023-жылдын  6-сентябрындагы № 1 чечимине негиз, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 7-бөлүмүндөгү, 61 жана 62-беренесине ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму

                                                      

                                                   ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Жаңы-Ноокат айыл аймагында Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча  жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын 2023-жылдын 18-ноябрь күнү саат 14.00 дө өткөрүлсүн.

2.Жаңы-Ноокат айыл аймагынын жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын курамы калктын санына ылайык 200 (эки жүз) делегаттан турары белгиленсин (№ 1 Тиркеме) .

3.Тиешелүү аймак бөлүктөрүнөн жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйындын делегат шайлоо боюнча жыйындар ушул жылдын 16-октябрынан тартып 26-октябрына чейин графикке ылайык өткөрүлсүн жана өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнөөрү эскертилсин (№ 2 Тиркеме).

4.Жаңы-Ноокат айыл аймагында жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу тобунун курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (№ 3 Тиркеме).

5.Тиешелүү аймак бөлүктөрүндө чогулуштарды жана жыйындарды өткөрүүгө  жооптуу болгон Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаттары менен биргеликте айыл өкмөтүнүн жооптуу кызматкерлеринен турган комиссия курамы тиркемеге ылайык бекитилсин (№ 4 Тиркеме).

6.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кариевге милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 

   К. Сатторов

 Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2023-жылдын 03-октябрындагы кезектен сырткаркы № 19-сессиясынын № 1 Токтомуна № 1 Тиркеме 

                           

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагынан жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынына тиешелүү аймак бөлүктөрүнөн делегаттардын бирдиктүү саны

 

 

Катар №

Айылдардын аталышы

Калкынын саны

Делегаттардын саны

 

1

Темир-Корук айылы

1420

9

 

2

Дөн-Кыштак айылы

5822

36

 

3

Тескей айылы

2190

14

 

4

Жандама айылы

6108

38

5

Мончок-Дөбө айылы

870

5

6

Жаңы-Ноокат айылы

5780

36

 

7

Катта-Тал айылы

5856

36

 

8

Кызыл-Тейит айылы

2860

18

 

9

Күнгөй-Хасана айылы

1382

8

 

 

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жооптуу

катчысы                                                                                                               Т.Ниязалиева                                                                                                       

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                   

                                                                                       Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2023-жылдын 03-октябрындагы кезектен сырткаркы № 19-сессиясынын № 1 Токтомуна № 2 Тиркеме 

                                                                                    

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагынан Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча тиешелүү аймак бөлүктөрүндө өткөрүлө түрган жыйындардын графиги

 

 

Катар №

Айылдын аталышы

Өткөрүлө турган

күнү жана убакыты

Өткөрүлө турган жери

1

Темир-Корук айылы

16.10.2023, саат 11:00

Темир-Корук орто мектеби

 

2

Тескей айылы

17.10.2023, саат 11:00

Тескей мечети

3

Дөн-Кыштак айылы

17.10.2023, саат 14:30

М.Улугбек орто мектеби

4

Мончок-Дөбө айылы

18.10.2023, саат 11:00

Мончок-Дөбө мечити

 

 

5

Жандама айылы

18.10.2023, саат 14:30

Н.Найманбаев орто мектеби

6

Жаңы-Ноокат айылы

19.10.2023, саат 14:30

Амир-Темур орто мектеби

 

7

Катта-Тал айылы

20.10.2023, саат 14:30

М.Мирзакаримов орто мектеби

8

Кызыл-Тейит айылы

21.10.2023, саат 11:00

Кызыл-Тейит орто мектеби

9

Күнгөй-Хасана айылы

21.10.2023, саат 14:30

Күнгөй-Хасана айылынын мечети

 

 

 

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жооптуу

катчысы                                                                                                                    Т.Ниязалиева                                                                                                       

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                                                                                      Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 2023-жылдын 03-октябрындагы кезектен сырткаркы № 19-сессиясынын № 1 Токтомуна № 3 Тиркеме 

                                   

 

Жаңы-Ноокат айыл аймагынан жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу комиссиянын курамы

 

 

1.Сатторов Каримжон              - Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы, жумушчу

                                                       комиссиясынын төрагасы,

2.Ахйулов Нурмахаммад         - Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы                                                                         

                                                     жумушчу тобунун катчысы,    

 

 

 

                                                        Мүчөлөрү:

 

3.Хожимаматов Абдугапар     - Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн юристи,

4.Абдусаломов Абдуллажон   - Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин депутаты,

5.Собиров Маматйусиб           - Жаңы-Ноокат айылынын айыл башчысы,

6.Ниязалиева Толгоной           - Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жооптуу катчысы,

7.Мамажонов Исломбек          - Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары

 

 

 

 

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин жооптуу

катчысы                                                                                                              Т.Ниязалиева