Редакцияот 19.07.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЙЫЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖАЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

VII-чакыруу, №5-сессиялык отурум

 

2022-жылдын 19-июлундагы № 9

2022 жылдын бюджеттик долбоорун жана 2023-2025-жылдарга бюджеттин божомолун бекитүү жөнүндө

2023-2025-жылдарга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн долбоорун түзүүнүн алкагында, 2022-жылга бюджеттик процесстин графигине ылайык, ошондой эле айыл өкмөтү тарабынан сунушталган материалдарды угуп жана талкулагандан кийин, Жайыл айылдык кеңеши

 

токтом кылат:

 

1. Өз кирешелерден жана атайын каражаттардан турган 2023-2025-жылдарга айылдык аймактын бюджетинин болжолу төмөндөгүдөй бекитилсин:

 

Жылдар

Баардыгы

Өз кирешелер

Атайын каражаттар

Теңдөөчү грант

2023 жыл

13015,7 миң сом

7544,0 миң сом

760,0 миң сом

4711,7 миң сом

2024 жыл

13133,4 миң сом

7610,2 миң сом

760,0 миң сом

4763,2 миң сом

2025 жыл

13247,4 миң сом

7875,3 миң сом

760,0 миң сом

4612,1 миң сом

 

2. Ушул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу милдетин Жайыл айыл өкмөтүнүн башчысы М.Дж.Кокоевге жүктөлсүн.

 

Таркатылсын: иш кагаздарына, бухгалтерияга, Кыргыз Республикасынын Каржы Министрлигинин Жайыл райондук башкармалыгына.

 

 

Жайыл айылдык кеңешинин

Төрагасы

 

А.А.Мамбеткулов