Редакцияот 03.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШНИН ТОКТОМУ

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы 19-сессиясы

 

2023-жылдын 3-октябры № 5

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Тескей айылынын жаңы көчөлөрүнө наам ыйгаруу жөнүндө

Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Тескей айылынын тургундарынын 2023-жылдын 04-августундагы чогулушунун № 1, № 2, № 3, № 4 жана № 5 - протоколдорун карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы № 67 сандуу “Кыргыз Республикасындагы географиялык аталыштар” жөнүндөгү мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы    № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектен сырткаркы сессиясынын отуруму

                                                     ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу, Тескей айылынын жаңы көчөлөрүнө, эл арасында кадыр-баркка ээ болгон төмөнкү маркум ата-агаларыбыздын наамдары ыйгарылсын:

      1-көчөгө эмгек ардагери      – “Усуп ажы”,

      2-көчөгө ардактуу мугалим – “Тожимамтов Турсумамат ажы”,

      3-көчөгө ардактуу мугалим – “Мирзаев Гулом”,

      4-көчөгө эмгек ардагери      – “Заиров Комилжон ажы”

      5-көчөгө коомдук ишмер     – “Каримбердиев Набижон”

2.Аталган көчөлөрдү каттоодон өткөрүү жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокат райондук бөлүмүнөн суралсын жана токтомдун аткарылышы Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Мыйзамдуулукту, укук тартибти сактоо, коррупцияга каршы күрөшүү, мандат, депутаттык этика маселелери,  жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кариевге милдеттендирилсин.

 

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 

   К. Сатторов