Редакцияот 03.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАҢЫ-НООКАТ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШНИН ТОКТОМУ

 

Жаңы-Ноокат  айылдык  кеңешинин (жетинчи чакырылышынын) кезектен сырткаркы 19-сессиясы

 

2023-жылдын 3-октябры № 11

Жандама айылынын тургуну Имомов Мамадалиге тиешелүү “Касапкана” багытындагы 35.0 чарчы метр жер тилкесинин  максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө

 

Жандама айылынын тургуну Имомов Мамадалиге тиешелүү айыл өкмөтүнүн борбордук көчөсүндө жайгашкан “Касапкана” багытындагы 35.0 чарчы метр жер тилкесинин  максаттык багытын өзгөртүп берүү жөнүндөгү маселени карап чыгып жана талкуулап, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин  “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу, экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 02-октябрындагы чогулушунун протоколуна негиз, сессиянын отурумундагы депутаттардын сын-пикирлери менен сунуштарын эске алып, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 13,18-статьясына жана Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жөнүндөгү» мыйзамынын 3-бөлүмүндөгү, 34-беренесинин, 2 бөлүгүнүн, 17-бөлүкчөсүнө ылайык, Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин 7-чакырылышындагы кезектеги сессиясынын отуруму

                                                    ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнө караштуу Жандама айылынын тургуну Имомов Мамадалиге тиешелүү айыл өкмөтүнүн борбордук көчөсүндө жайгашкан “Касапкана” багытындагы 35.0 чарчы метр жер тилкесин, максаттык багытын “Медициналык борбор” багытына өзгөртүп берүү жөнүндөгү Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 02-июнундагы № 192 сандуу каты канааттандырылсын.

2.Кыргыз Республикасынын Жер, Салык Кодекстеринин жана жер мамилелери боюнча мыйзамдарынын негизинде, ушул токтомдун аткарылышын Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн башчысына сунушталсын.

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин “Айыл чарбасы, суу, жер, муниципалдык менчик, жайыттарды пайдалануу, өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу,экология жана жаратылышты коргоо” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Жалоловго милдеттендирилсин.

 

Жаңы-Ноокат айылдык кеңешинин төрагасы:

 

   К. Сатторов